Mr. Yang new pics

Янг Чиа Шан, ошондой эле аны жакшы көргөн көптөгөн адамдар үчүн “Капитан Янг” же “Аксакал Янг” катары билинген 1924 жылы 2-декабрда Кытыйдын Пекин шаарында төрөлгөн. Баштапкы жана орто мектептерде окууну бүтүргөндөн кийин, ал Кытыйдын Гуанчжоу шаарындагы Соода Жеткирүү Улуттук академиясынын бүтүргөн соң ал соода жана суу кызматкердин кызматтык наамын алган. Университетти аяктагандан кийин, ал тайвандык кеме менен жеткирүү ишканасында 14 жыл иштеп, тез аранын ичинде капитандык кызматка жетип, кеме менен жеткирүү ишканасынын тарыхында эң жаш капитан болгон. 1962-жылы, тайвандык кеме менен жеткирүү ишканасы аны эл аралык транспорттук кызмат көрсөтүү брокери катары Америка Кошмо Штаттарына жиберген. 1970-жылдардын ортосунда ал өз «Great China Shipping Co.» кеме менен жеткирүү компаниясын негиздеп жана аны 30 жылдан ашуун убакыт жетектеп ал бизнести жакшы өнүктүргөн. 1995-жылы, капитан Янг жана анын жубайы, Кудай Казакстандын Дунган элине кызмат кылуу үчүн аларды чакырды деп ишенишкен. Анын жыйынтыгында, капитан Янг өз кеме транспорттук ишканасынан чыгып жана ал ишкананы өзүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал өзүнүн миссиясын каржылоо үчүн, өзүнүн топтогон каражатына АКШда кайрымдуулук C.A.S.A. (Борбордук Азияга жардам) аттуу фондун ачкан. Бул миссия, капитан Янг жана анын жумайына жашоодогу зор кубаныч болуп, Кудай аларды чакырып, бул жашоонун ар бир этабында аларга жол көрсөтүп келген деп эсептешкен. Бул ишти аткаруу үчүн капитан Янг жергиликтүү жашоочуларды ишке чакырып, эл аралык өнөктөштөрдүн ресурстарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөшүн алган.

2000-жылы, капитан Янг жана анын жубайы Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келип, бул жерден христиандык принциптердин негизинде мектеп жана балабакча ачып жана күчтүү окуу программасы аркылуу балдарга жардам берген. Кытайда өскөн Капитан Янг чет элдик миссионерлер тарабынан негизделген мектепте окуп зор пайда алган. Ушундай эле шарттарды Кыргызстандын балдарына түзгүсү келген. 2000-жылы Токмок шаарындагы ачылган христиандык принциптердин негиздердеги Ак-Бата мектеби биринчи болгон жана ал мамлекеттик каттоодон өткөн. Капитан Янг ошондой эле 2000-жылы “Ырайым” христиандык кайрымдуулук фондун негиздеп жана ал фонд (Токмок, Ивановка, Кара-Балта, Беловодск, Жарбаши) 5 мектеп, (Каракол, Кара-Балта, Токмок) 3 балдар үйүн жана Кемин шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп ачкан. Балдар мектепти бүтүргөн соң капитан Янг аларга жогорку билим керектигин байкаган.  Камилла Шаршекеева, Джеймс Ханг, мугалимдер жана донордолдун жардамы менен капитан Янг 2008-жылы “Ырайым” профессионалдык институтун ачкан жана 2009-жылы ал институт Борбордук Азыядагы Эл аралык университетине айланган.

Шаршекеева Камилла Дүйшекеевна жана доктор Джон Росслин Кларктын талыкпас эмгеги аркылуу БАЭУ жогорку академиялык стандарттарга умтулуп жана студенттерди келечек карьерасына мыкты даярдоодо. Капитан Янг жана анын жубайы Кыргызстанды жана анын элдерин абдан жакшы көрүшкөн. Кыргызстанда 16 жыл жашап,  алар ири суммадагы каржылык жардам берип жана билим берүү системасы үчүн эл аралык колдоо алууга жардам берди. 2004-жылы, капитан Янг Токмок шаарынын ардактуу жараны болду. Капитан Янг ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланган. Капитан Янг, Чак Ховард жана Буч Раффирти мырзалардын жардамы аркылуу Токмок шаары жана Рокфорд шаары  (АКШ, Иллинойс штаты) 2008-жылы эгиз-шаар боюнча келишимге кол коюшкан. 2016-жылдын жай мезгилинде, капитан Янгдын ден соолугу начарлап, ал G.L.E.C. (Global Life Enrichment Center in California, U.S.A.) уюмунан БАЭУнун жана “Ырайым” кайрыкдуулук фондунун иштерин улантуусун суранган. Капитан Янг каза болгондон кийин, анын жубайы жана үй-бүлөсү президент Бучи Рафферти жетектеген С.A.S.A. ошондой эле Чжоу жана Ханг жетектеген G.L.E.C. уюмдарынан 2000-жылы башталган Кыргызстандын жаш муундарына жогорку сапаттуу билим берүү ишин улантканына ыраазы.

vcm_s_kf_repr_882x588
Elder Yang's updated photo

Кудайга ишенүү, Кыргызстан үчүн Үмүт, ар бир адамды Сүйүү, алардын келип чыгышын, коомдогу жана этникалык абалына карабай – чынчылдык жана кызмат кылуу менен жашоо – бул БАЭУгы капитан Янг тарабынан коюлган негиздери.