КАБЫЛ АЛУУ КОМИССИЯСЫНЫН БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ:

0500 212 421, 0555 242 121

Урматтуу достор жана биздин келечектеги студенттер!

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандыктан университетте документтерди кабыл алуу жана консультацияларды өткөрүү мүмкүн болбой жаткан, ошондуктан Борбордук Азиядагы Эл аралык университет документтериңизди онлайн режиминде тапшырууну суранат. Анкетанын формасын ушул жерден жүктөп алууга болот. Толтурулган анкета жана документтерди registrar@iuca.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Документтерди иштеп чыккандан кийин, кабыл алуу комиссиясы сиз менен байланышып, онлайн режиминдеги маектешүүнүн убакыныт тактайт.

Документтери менен кошо арызды ийгиликтүү тапшырган жана маектешүүдөн өткөн талапкерлер кабыл алынууга сунушталат.

Документтерди кабыл алуу жана студенттерди каттоо акысыз.

Биз сиз менен сөзсүз байланышабыз. Бардык суроолор боюнча биз менен байланышсаңыз болот (0500 212421), (0555 242121)

Сураныч, өзүңүзгө кам көрүңүз! Жаңы окуу жылында көрүшкөнчө!

ОКУУГА ӨТҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

1. Абитуриенттин арызы (форма), (кабыл алуунун эрежелери);
2. Инсанды жана анын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документ – паспорт (түп нускасы жана көчүрмөсү);
3. Орто жалпы (толук) билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ — аттестат (түп нускасы);
4. 6 сүрөт 3х4 (түстүү, жылтырабаган) + 1 электрондук сүрөт;
5. Аскерге чакырылуучуга — каттоо күбөлүгү же аскердик билет (көчүрмөсү);
6. ЖРТ (ОРТ) (сертификат, босого балл 105);
7. Каттоо төлөмү – акысыз;
8. Өзгөчө жетишкендиктер жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү (олимпиадаларда жеңгендиги жөнүндө дипломдор, алмашуу программаларына катышуу жөнүндө күбөлүктөр ж.б.).

ОКУУ ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨӨ

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана  Казакстандан келген студенттер үчүн – 63 000 сом.

Россиядан келген студенттер үчүн — 78 000 сом.

Чет элдик студенттер үчүн — 88 000 сом.

ФИНАНСЫЛЫК КОЛДОО

50% ашуун студенттер финансылык жардам алышат

Финансылык колдоо студенттердин материалдык абалына жана алардын окуудагы жетишкендиктерине жараша көрсөтүлөт.

БАЭУда 100%, 75%, 50% жана 25%дык финансылык жардам менен «Алдынкы абитуриент» программасы иштейт.

БАЭУда 2,3 жана 4-курстун студенттери үчүн «Алдынкы студент» программасы иштейт.

БАЭУда ОКУУНУН 12 АРТЫКЧЫЛЫГЫ БАР

12 БЮДЖЕТТИК ОРУН

БАЭУ акысыз окуу үчүн 12 орун бөлөт. Критерийлери: ЖРТнын (ОРТ) баллы 200дөн жогору жана TOEFL PBT – 450дөн жогору болуш керек.

ФИНАНСЫЛЫК КОЛДОО

Материалдык абалды жана бийик академиялык көрсөткүчтөрдү эске алуу; университеттин көзөмөлчүлөрү тарабынан стипендиялар, анын ичинде контракттын 100% төлөө, конок үйүндө жашоо акысын төлөө жана жеке чыгымдардын ордун толтуруу.

СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЖАНА ЛИДЕРЛИК

Биз стандарттуу эмес жана креативдүү ой жүгүртүүнү үйрөтөбүз, ар бир студенттин лидерлик сапаттарын өрчүтөбүз.

ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ

Билим берүүнүн сапатын Кыргызстандын (Бишкектин) жана АКШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азиянын мугалимдери камсыз кылышат.

КОНОК ҮЙҮНҮН БАРДЫГЫ

БАЭУнун студенттери Токмок ш. борборунда жайгашкан ыңгайлуу жана бардык шарттары бар батирлерде жашашат.

КОШ ДИПЛОМ

Биз мамлекеттик үлгүдөгү жана америкалык стилдеги институционалдык дипломдорду беребиз.

АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК

Кандай болбосун коррупциялык схемалар менен баа алуу мүмкүн эмес.

ӨЗ АРА ПРОГРАММАЛАР МЕНЕН АЛМАШУУ ЖАНА АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Программалар менен алмашуу АКШ, Кытай, Россия, Казакстан, Литва жана Норвегия менен ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

СТУДЕНТТИК КЛУБДАР

Сенат, Youth movement of IUCA, Multi+, IUCA TV, театралдык-вокалдык студия, Enactus IUCA клубдар кызыктуу студенттик жашоону камсыз кылышат.

Колдоо кызматтары

Карьера өркүндөтүү борбору, эл аралык мамилелер бөлүмү, медициналык кабинет жана психологиялык жардам кабинети.

студенттик иш-чаралар

Студенттик майрамдар, Halloween, Жаны жыл, Масленница, Нооруз, Commencement жана башка.

Студенттердин эс алуусу

Машыгуу залы и душ кабиналары, мини футбол аянты, кафетерий, студенттердин эс алуу болмосу.