
6-ноябрда, 2019 жылы Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинде, мектеп директорлору жана завучтарына “жаңы муундун стандарттары менен кантип иштөө” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга Токмок жана Бишкек шаарларынын мектептеринен 14 директор жана 15 завуч катышты. Семинардын жүрүшүндө анын катышуучулары төмөнкү маселелерди талкуулашты:
· Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептин билим берүү стандартынын негизги түшүнүктөрү (компетенттүүлүк жана компетенция, негизги компетенциялар, компетенттүүлүк, күтүлгөн натыйжалар, түрткү окутуу чөйрөсү);
· Предметтик стандарттардын түзүлүшү;
· Жаңы муундагы стандарттар менен баа берүүнүн өзгөчөлүктөрү;
· Жаңы эксперименталдык билим берүү стандартынын алкагында мугалимдерди даярдоо проектисин.
Семинарды БАЭУнун «Педагогика» багытынын жетекчиси Шакиров Р.Х., жана БАЭУнун «Педагогика» багытынын профессору Низовская И.А. алып барышты. Катышуучулар семинардын негизги маселелерин активдүү талкуулашып жана бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти. Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылды.
Борбордук Азиядагы Эл аралык университети баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип иштерине ийгилик каалайт.